NURGRID
Башкы бетке

Кантип эсептейбиз

Биз санды «болжол менен» айтпайбыз. Эсеп сиздин объектиңиздин өлчөөлөрүнө жана чыныгы керектөөңүзгө негизделет — ошондуктан смета монтаж учурунда өзгөрбөйт.

  1. 01

    Дрон менен өлчөө

    Чатырды дрон менен айланып сүрөткө тартып, 3D моделин курабыз. Скаттардын так аянтын, эңкейиш бурчун, күнгө карата ориентациясын жана бардык тоскоолдуктарды — мор түтүктөрү, антенналар, жанындагы дарактар жана курулуштарды — көрөбүз.

  2. 02

    Сиздин керектөөңүз

    Акыркы бир жылдагы электр эсептерин карап, кайсы айларда көп керектегениңизди аныктайбыз. Электр менен жылытылган үй үчүн станция менен дача үчүн станция — эки башка долбоор.

  3. 03

    Өндүрүмдү эсептөө

    3D моделде панелдерди жайгаштырып, өндүрүмдү айлар боюнча эсептейбиз: кеңдикти, скаттардын бурчу менен ориентациясын, ошондой эле күн ичинде жана жыл бою өзгөргөн көлөкөнү эске алып.

  4. 04

    Системанын жоготуулары

    Иш жүзүндө жоголгонду да кошобуз: жайкы ысыктан панелдердин кызышы, инвертордун КПДсы, кабелдердеги жоготуулар, кир жана кышкы кар. Ошондуктан биздин прогноз «паспорттук» кубаттуулуктан аз — бирага чындыкка жакын.

  5. 05

    Долбоордун экономикасы

    Конкреттүү жабдууга смета, сиздин тарифиңиз боюнча үнөмдөө жана акталуу мөөнөтүн эсептейбиз. Ар бир сан эмнеден түзүлгөнүн көрсөтөбүз — эсепти өзүңүз текшере алгыдай.

Эсептөө акысыз. WhatsApp аркылуу жазыңыз — объектке чыгууну макулдашабыз.

Долбооруңузду талкуулайлы

Суроолорго жооп берип, объектиңизге эсептөө жасап беребиз — акысыз.

Бишкек, Кыргызстан